Эркингүл Иманкожоева: "Бош кыртышты "Давыдов" мөңгүсүнүн үстүнө таштоого уруксат бергендер жоопко тартылыш керек"

2010-2013-жылдары “Давыдов” мөңгүсүнүн жылуусуна мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргызстандын жаратылыш шарты менен тааныштыгы жок канадалык “BGCConsulting” компаниясы чакырылган”. Мындай пикирди депутат Эркингүл Иманкожоева айткандыгын ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. “Компания тарабынан мөңгүнүн ылдый карай жылышын токтотуу үчүн эч кандай чаралар көрүлгөн эмес”, - деп эсептейт депутат. Ошондой эле эл өкүлү экологиялык коркунучка себепкер болгон бош кыртышты мөңгүнүн үстүнө таштоого уруксат берген “Кумтөр” компаниясынын өкүлдөрү менен кыргыз аткаминерлеринин жоопкерчилиги тууралуу маселе коюу зарыл экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан