Жанар Акаев: “Илимди унутуп бараткан өлкөдө алдыга өсүү болбойт”

"Илимди унутуп бараткан өлкөдө алдыга өсүү болбойт", - деп бүгүн, 13-мартта парламентте Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйналышында КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, илимдеги жаштарды башкаларга идеал кыла турган идеологияны ойлоп табуу керек.

"Кыйкырган жаштардын заманы болуп калды. Андан көрө илим жаатында жүргөн жаштарды карап түздөнө тургандай кылышыбыз керек. Милицияларга башкаларга арзан баада батирлер берилип жатат. Илимий ачылыштарды жасап, аракет кылып жаткандарга өкмөттөн колдоо кылуу зарыл. Сыналгы, радио аркылуу аларды үлгү кылуу керек", - деди депутат.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев эл өкүлүнүн сөзүн колдой турганын айтты.

"Илимдер академиясында иштегендердин айлык маянасы төмөн болууда. Советтер союзу убагында эмгек акы көп болчу", - деди Эркебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
travma
2017-03-13 15:35:28
Молодец
+4
ABDulHai
2017-03-13 16:05:11
Жакшы ой,жакшы сунуш кана эми орундалса...
+3
ukmuw-ukmuw
2017-03-13 16:11:55
Бул бала деле акыры бузулат го беркилердин арасында
+3
baktybek90
2017-03-13 16:13:41
суйлошоттор еле андай кылыш керек мындай кылыш керек
бирок жыйынтык жок
мамлекет артына онугуп жаткандай сезилет мана
+4
aiba_00
2017-03-13 16:20:17
Баары эле кыйын иши кылса.
+3
Medina87
2017-03-13 16:28:23
Илимдуу жаштарга албетте колдоо керек!
Маянасы жеген тамагына, жашаган жеринин акысына ( оз уйундо турса да ком.услуга толойт эмеспи суу,свет ж.б.) жеткиликтуу болсо кайсы илим-билимдуу киши дипломду сандыкка салып коюп жер кезип иштегиси келсин.
+3
meni_kut
2017-03-13 19:25:36
молодец балашка
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан