Сооронбай Жээнбеков БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк саясатын жана программасын иштеп чыгуу боюнча башкармалыгынын директору Стенлейк Самканджды, Түндүк Африка, Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери боюнча аймактык директорунун орун басары Карло Скарамеллди жана аталган программанын Кыргыз мамлекетиндеги көзөмөлдөөчү директору Рам Сараванамуттуну кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз өлкөсүндөгү БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ишмердүүлүгү жана 2018-2022-жылдарга стратегиялык пландарындагы негизги багыттары талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жана мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоодогу өнөктөштүгү үчүн БУУга ыраазычылык билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын экономикалык абалын көтөрүүдө калктын аярлуу катмарына шарттарды түзүп берүүнү негизги тапшырма катары көрөт", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Аны менен катар ал, билим берүү боюнча туруктуу мамлекеттик программаны, айыл чарба тармагын жандандырууда кесиптик-техникалык билим берүү аркылуу айыл чарба өндүрүшүн көтөрүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк саясатын жана программасын иштеп чыгуу боюнча башкармалыгынын директору Стенлейк Самкандж акыркы жылдары азык-түлүккө жардамдашуу программасынын концепциясы олуттуу жаңыланганын билдирди. Учурда уюмдун жалпы жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгү калктын аярлуу катмарын узак мөөнөткө коргоодо аларды канааттандыруу боюнча комплекстүү чаралар кабыл алынды. БУУнун Кыргыз мамлекетинде жалпы бюджети 45 миллион долларлык "Жамааттарды улуттук социалдык жактан коргоо системин жогорулатууга жана социалдык-экономикалык туруктуулугун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" жана "Мектептердеги тамак-ашты оптимизациялоо" долбоорлорун ишке ашырууда. 2015-2016-жылдары долбоордун алкагында 50 миң аз камсыз болгон үй-бүлөнү өзүнө камтыган 1300 ар түрдүү долбоорлор ишке ашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан