"Япониянын Кагосима префектурасында (аймагында) боз үйлөр тигилип, кыргыз-япон айылы ачылат. Мындан бир ай мурун мурунку эл өкүлү Карганбек Самаковдун демилгеси менен Японияга боз үйлөр жөнөтүлгөн", - деп билдирди бүгүн, 13-мартта Самаковдун жардамчысы Раатбек Шабданов SUPER.KG порталына.
Анын маалыматына ылайык, япон-кыргыз достугунун негизинде 2011-жылы кыргыз элине Кагосимадан атайын жер бөлүнүп берилген.
"Жөнөтүлгөн 10 боз үй бүгүн Японияга жетти. Дагы 10 боз үй даярдалып жатат. Жакында Японияга барып аталган айылды ачабыз. Боз үйлөр символдук белги үчүн эмес, атайын жашоого ыңгайлаштырылып жасалды. Биз барып япон жериндеги Кыргыз жарандарынын башын бириктиребиз. Бул жактан да иштейм деген кыргыз жаштарын алып кетүү иштери мерчемделүүдө", - деди Р.Шабданов.
Ал белгилегендей, аталган айылдын негизделүүсүнүн башкы максаты - япон-кыргыз алакасын жакшыртуу, япондорго кыргыз маданиятын, салт-санаасын тааныштыруу.