Жогорку Кеӊештеги "Ата Мекен" фракциясы 13-мартта билдирүү жасады. Анда фракция лидери Өмүрбек Текебаев аэропорттон мыйзамсыз кармалганы, кылмыш иши чет элдик жарандын көрсөтмөсү менен гана козголгону, сот чечими чыга электе Текебаевди каралоо жүрүп жатканы айтылат.
"Ата Мекен" Кыргыз Республикасы кыйынчылык менен жеткен демократиялык баалуулуктарды сактап калуу зарылдыгын белгилеп, күч түзүмдөрүнөн саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда. Ал эми коомчулукту сөз эркиндигин коргоого, саясий куугунтукка каршы күрөшүүгө чакырды.