"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын айдоочусу секиргенге жетишип калган"

Бүгүн, 13-мартта Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында Хонда Фит унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаасы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Нурбек Абдраимов SUPER.KG порталына билдирди.

"Айдоочу унаа каналга түшкүчө секиргенге үлгүргөн. Суучулдар каналга түшүп, унааны чынжыр менен курчап, эвакуатордун жардамы менен тартып чыгышкан. Куткаруу иштерине 1-өрт куткаруу бөлүмүнөн 4 адам тартылган. Чакыруу 12:04тө түшсө, куткаруучулар 12:36да жерине барып, 13:38де унааны чыгарышкан", - деди Н.Абдраимов.

Эскерте кетсек, окурман Чоң Чүй каналына унаа айдоочусу менен түшүп кеткенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dina1983-19
2017-03-13 16:14:09
Жигули түштүбү же фитби элдик кабарда жигули деп турат бул жерде фит ....
0
Nazikbaigazy
2017-03-13 19:06:32
dina1983-19,ошо менда бая жигули деп окудум эледа
+2
elmurat.kg
2017-03-15 20:44:25
Nazikbaigazy кинодогудай болуптурда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан