Аба ырайынын жылышы менен жаз мезгилинде күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдардын жана сел, суу ташкындарын алдын алуу максатында Ош шаарынын аймагында сел, суу ташкындары жүрүүчү кооптуу участкалар жеринде иликтенди. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган иш-чара Ош шаарынын мэри – Жарандык коргонуу башчысынын буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругунун негизинде жүргүзүлгөн.
Калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо боюнча жергиликтүү бийлик, мекеме ишканалар жана жарандар менен биргеликте иш-чараларды аткарып, жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында 63 потенциалдык кооптуу участкалар жана объектилер текшерилип, анын ичинен 27 сел, суу ташкындары жүрүүчү кооптуу участкалар экендиги аныкталган.
"Жеринде актылар түзүлүп, тиешелүү кызматтарга калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча сунуштар берилди", - деп айтылат маалыматта.