Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылынын тургундары менен жолукту. Анда Боинг учагы кырсыкка учурагандан кийин ӨКМда ачылган атайын эсепке түшкөн каражатты жана түрк компаниясы тарабынан берилүүчү компенсацияны бөлүштүрүү маселеси каралды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Анда айыл тургундары акчалай каражаттарды жабыркагандар ортосунда кантип акыйкат бөлүп алуу тууралуу ойлорун билдиришти.
Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражат толук сакталып, жакын арада жабыркагандарга акыйкат, ачык бөлүштүрүлөрүн эскертти.
"Аны менен катар азыркы тапта Өкмөт тарабынан убактылуу батирде жашап жаткан жабырлануучулар, турак жай маселеси чечилгенге чейин ошол жакта убактылуу жашай турганын белгилегим келет", - деди Биринчи вице-премьер-министр.
Жабырлануучулардын бири Венера Шейшенова учурда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жабырлануучулар митингге чыгары тууралуу маалыматтар жүргөнүн билдирди.
"Буга байланыштуу мен айтар элем, каргашалуу окуяда жакындарын жоготкон жабырлануучулардын арасынан бир да үй-бүлө митингге чыгуу тууралуу демилге менен чыккан эмес. Ошол күнү жабыркагандардын бардыгы өткөндү унутууга аракет кылып, тынч, өз турмушун өткөрүүдө. Биздин арабыздан бирөө да митингге чыгайын деген ою жок. Биз үчүн эң негизгиси турак жай маселеси менен бардык тиешелүү төлөмдөр эртерээк чечилсе болгону. Биз Өкмөт, анын ичинде комиссиянын ар бир мүчөсү ар тараптан колдоо көрсөтүп, зор иштерди аткарып жатканын көрүп жатабыз. Өкмөт берген убадаларын аткарат деп ишенебиз, аны менен бул иштин оңой эместигин эске алып түшүнүү менен кабыл алабыз", -деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жабырлануучуларды турак жай менен камсыз кылуу, аларга түрк компаниясы тарабынан тиешелүү төлөмдөрдү, маселесин чечүү боюнча Өкмөт бардык тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын баса белгиледи.
Эске салсак, Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочулары эртең, 14-мартта Боинг учагы кулаган жерге митингге чыгышарын айтышкан. Митингдин уюштуруучуларынын бири Базаркул Ормонбеков "Айылдын көйгөйлөрүн көтөрүп чыгууну пландап жатабыз. Күйүүчү майдын кесепети терс таасирин тийгизип, жашоочулар ооруп жатат" деген эле.