ЖЫЛНААМА, 14-МАРТ: "Комеди клаб" долбоорунун алпаруучусу Павел Воля 38 жашка толду

"Комеди клаб" теледолбоорунун алпаруучусу, актёр Павел Воля 38 жашка толду. Ал 1979-жылы 14-мартта Орусиянын Пенза шаарында туулган. 2001-жылы Пенза мамлекеттик педагогикалык университетин орус тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча аяктаган. Андан соң дароо Москвага сапар алып, ал жактан алгач курулушта иштеген. 2005-жылдан баштап "Комеди клаб" долбооруна катыша баштаган. П.Воля 10го жакын тасмага тартылып, радио, телеберүүлөрдө алпаруучу болуп иштеген.

Жеке жашоосу

2007-жылдан баштап П.Воля MTV телеканалынын алпаруучусу Мария Кравцова менен жарандык никеде жашап, 3 жылдан кийин ажырашкан. 2012-жылы сентябрь айында спортчу Ляйсан Утяшева менен үйлөнүп, бир жылдан кийин уулдуу болушкан. 2015-жылы түйгөйлөр кыздуу болушкан.

14-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ernest12
2017-03-14 13:36:08
Бизде Бишкек клап болчуу элегоо болбойда калды болууп турса Жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан