Ош облусунда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-март күнү Ош облусунун Кара-Суу шаарында 1959-жылы туулган Т.М. кармалган. Ал өлкө аймагында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүн жүргүзүп, идеологиясын тараткан деп айыпталууда. Ага кылмыш иши козголуп, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.