ЖЫЛНААМА, 14-МАРТ: Гүлзада Рыскулова "Туулган күнүм экенин унутуп калыптырмын, куттукташканда эстедим" дейт

Бүгүн, 14-мартта КРнын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлзада Рыскулова 37 жашка толду. Аны куттуктап чалсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, конокторду тосууга даярданып жатканын билдирди.

"Туулган күнүмдү 2-3 күндөн кийин экен деп жүрө бериптирмин, 14ү келе элек деп. Досум куттуктаганда эстеп кеттим. Өздүк майрамымды туугандарымдын курчоосунда белгилөөнү пландап жатам, учурда ага даярдык көрүүдөмүн", - дейт ырчы.

Гүлзада Рыскулова 1980-жылы 14-мартта Ош облусундагы Өзгөн районунун Чымбай деген айылында туулуп-өскөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүн аяктаган. Г.Рыскулова алгач "Мен кыргыздын кызымын" аттуу ыры менен чыгып, аз убакыттын ичинде калың элге таанылган. Кийин кыргыздын нукура күү, дастандарын дүйнөгө тааныткан "Ордо сахна" фольклордук-этнографиялык тобунда эмгектене баштаган. 3 уулдун энеси. 2016-жылы ага КРнын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.

14-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sirgak_92
2017-03-14 11:50:15
Коооойчай кулкуну келтирет ко
+9
Satana
2017-03-14 19:34:44
Туу атта алдайсынго, кантип эле унутуп каласын.
Жон адамдар унутушу мумкун. А вот силер ырчылар унутпайсынар
+3
meni_kut
2017-03-14 12:20:41
Тааныбайт экем бул ырчыны,сыйлыктын баркы кетип бутту.Эл учун эмгек синирген артист эмессин.Аты айтып тургандай элге коптогон эмгек синириш керек эле.
+4
lolo.1
2017-03-14 16:38:54
Кантип эле унутсун
+4
Badu88
2017-03-14 18:06:31
Ай коюунузчу ай Күлзаада эже даадылыктын да эби чени болот. Туулган күнүнүз мн көп жашаныз
+3
Naiman39
2017-03-14 19:03:46
Миннге чыгын эжеке..бироок кичине ордокторду учуруийипсиз унутуп калыпмын деп
+3
Aiza9797
2017-03-15 04:08:19
Ушул сенин обун жогураак окшойт Гулзада
+1
Azatbek83
2017-03-16 16:26:10
Бул ким? эмгек синирген дейби? Озун озу унутуп калбаптыр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан