Немис режиссёру, сценарист жана продюсер Вольфганг Петерсен 76 жашка толду. Ал 1941-жылы 14-мартта Германиянын Эмден шаарында туулган. Жалпысынан 44 тасма жараткан. Акыркы эмгектери - "Катуу бороон", "Троя" жана "Посейдон".
Режиссёрдун чыгармачылык жашоосу 1960-жылы башталган. 19 жашында Гамбургдагы "Эрнст Дойч" театрында режиссёрдун жардамчысы болуп иштеген. 20 жашында алгачкы пьесасын койгон. Берлиндеги кино жана телевидение академиясын аяктаган соң 6 бөлүктөн турган сериал тарткан. Петерсендин чыныгы көркөм тасма катары тарткан "Экөөбүздөн бирөөбүз" фильми 1973-жылы германиялык улуттук сыйлыкка ээ болгон. Кийинки тартылган "Кайык" фильми "Оскар" үчүн 3 номинацияда ат салышкан жана англиялык кинофестивалда "Эң мыкты чет өлкөлүк тасма" деген байгени алган. Ушундан кийин "Петерсен" деген ат Голливудда тааныла баштайт. "Президенттин учагы" аттуу тасмасы менен Петерсен өзүнүн талантын далилдеп, бүткүл дүйнөгө таанылган. Ал эми "Троянын" продюсерлери бул тасманы тартууну бир нече режиссёрлорго сунушташкан. Сценарийди окуп чыккан соң жалгыз гана Вольфганг Петерсен тасманы тартууга макул болгон. Режиссёр учурда чыгармачылык менен алектенип, кино тартуунун үстүндө.
14-мартка карата жылнаама