Парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 2016-жылы мекеме тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчёт берди.
Белгилүү болгондой 2016-жылы Тышкы иштер министрлигине 997 жаран кайрылып, министрлик тарабынан 1466 жооп болгон. Ал эми 2015-жылы министрликке 579 адам кайрылып, 925 жооп кайтарылган. Мындан тышкары эл аралык 462 документтерге кол коюлган. Анын 357си эки тараптуу, 105и көп тараптуу.
Абдылдаев 2016-жылы аткарган иштери тууралуу кыскача баяндама жасады. Депутаттардын суроосуна жабык эшик артында жооп берүүнү сунуштады. Сунуш эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.