Өзгөн районунда мал уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-март күнү Өзгөн районунун милиция бөлүмүнө 44 жаштагы М.И. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда ал 8-март күнү таалада бош жүргѳн эки баш малын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан.
"Ага чейин ошол эле райондун 50 жаштагы С.М., 26 жаштагы Ш.Н. жана 41 жаштагы А.М. аттуу жашоочулары малдарын белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын билдиришкен болчу. Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, 12-март күнү кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Р.А., 32 жаштагы Р.А., 23 жаштагы Н.Н. жана 22 жаштагы Т.Н. кармалышты. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.