Алмаз Кулматов Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 14-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. А. Кулматов 1967-жылы 5-декабрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда туулган. Ал буга чейин Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары болуп иштеген.