25-мартта кыргыз мушкерлери грузиялык мыкты делген мушкерлер менен беттешишет

Кыргыз Республикасынын жана Грузиянын мыкты 10 мушкери WEF29 GLOBAL7 турниринде беттешишет. Бул тууралуу Кулатуу Эр таймаш федерациясынан бүгүн, 14-мартта кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Грузиянын бул мушкерлери аралаш күрөш боюнча, өлкөнүн курамасынын мүчөлөрү.

"Ошондой эле рейтингдик беттештерде Казакстан менен Өзбекстандан келген спортчулар да катышышат. Буга чейин Грузиянын мушкерлери WEF турнирлеринде 4 уруш өткөрүп, 3өөнөн жеңип кетишкен. Эскерте кетсек, Нодар Кудухашвили 84 килограмм салмакта WEF GLOBAL версиясы боюнча азыркы учурга чейин дүйнө чемпиону", - деп айтылат маалыматта.

Турнир 25-мартта Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gordaya
2017-03-14 15:18:49
ийгилик,
0
jake91
2017-03-14 22:17:51
ийгилик Кудай силерди колдосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан