Ош облусунун Араван районунда цемент заводу курулууда

Ош облусунун Араван районунда цемент заводу курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Цемент заводу 39,79 гектар жер аянтына курулуп жатат. Жаңы заводдун долбоордук сметалык баасы 88 миллион АКШ долларын түзөт. Ал эми цементти иштеп чыгаруу кубаттуулугу күнүнө 2 500 тоннага жетет. Курулуш долбоор боюнча 2018-жылдын май-июнь айларына чейин бүткөрүлүшү пландаштырылган. Курулуш мезгилинде 1000ге жакын адам жумуш менен камсыз болсо, завод ишке киришсе 250 туруктуу жумуш орду түзүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, курулуп жаткан завод "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ишке ашырылууда. Имараттын курулушу менен Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
scorp
2017-03-14 16:17:11
жакшы жанылык, аябай суйунуп калдым ылайым мамлекетибизге коп коп завод фабрикалар курулса экен.

т.б админ автомобиль заводу курулушу жонундо соз болбой жатабы жогору жакта?)
+4
jake91
2017-03-14 20:43:48
scorp,завод курулганы жакшы бирок дыйкандарды когортпойт
+3
nur_zhoni
2017-03-14 21:49:41
Ушундай заводорду кобурок куруп жеке менчик заводорго салыкты кобурок салсанар
0
etaj_rus79
2017-03-15 03:14:14
бул ошондо экинчи зоводьу араванда себеби мурун бар элего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан