"Элдик видео" бөлүмүнө "Мектеп окуучулары кыргыз мигранттары жөнүндө ыр ырдашты" деген видео жүктөлдү (ник: Ardak777).
Видеодо жогорку класстын 3 окуучусу класстын ичинде шыпыргы, калак, швабраны музыкалык инструменттин ордуна кармап алышып, ырдашат. Ырдын мазмунунда азыркы Кыргыз жарандарынын Орусияда иштеп жүргөн күндөрү сүрөттөлөт. Ортодогу швабраны микрофон кылып ырдап жаткан баланын ырында 19га жаңы толуп, дароо Москвага жөнөгөнү, айына 16 миң рубль алып, ар ай сайын айылга акча салып турганы, акча чогулта албай, туулган жерине кете албай жүргөнү айтылат.
Неге келдим Москвага темселеп,
Жүрө бербей айылда эле эркелеп.
Мейли бирок, бул жашоону көрөлү,
Ата-эненин баркын билип жүрөлү.
Класста башка окуучулар жок. Мындан улам балдар сабактын аягында классты жууп-тазалоо нөөмөтүнө калып ырдашкан деген ойдо каласың. Ырда дагы эмнелер жөнүндө айтыларын угуу үчүн МЕДИА-ПОРТАЛ бөлүмүнө өтүңүз.