Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмоновду кабыл алды. Бул тууралуу 14-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы мекеменин жетекчилиги астында укук коргоо органдарын реформалоо системи боюнча тапшырмалар турганын белгиледи.

"Социалдык объектерге бөлүнгөн каражаттар так жана максаттуу пайдаланылсын. Экономикалык кылмыштуулук катталгандан кийин аны иликтебей, кыска убакыт аралыгында алдын алуу чаралары боюнча так программа кабыл алынсын", - деди Жээнбеков.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов 2017-жылдын эки айындагы аткарылган иштер жана коюлган тапшырмалардын негизинде алдыда боло турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда 2017-жылдын январь-февраль айларында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан мамлекеттик казынага 300 миллион сомго зыян алып келген 206 кылмыш катталган. Анын 293 миллион сому бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджетке кайтарылды.

Замирбек Осмонов реформа мамлекеттик кызматтын өзүнөн башталганын, учурда кызматка кошумча милдеттер жүктөлгөндүктөн, 76 штаттык орун берилгенин, азыркы тапта кадрларды тандоого сынак жүрүп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан