Элчилер Болот Отунбаев менен Данияр Мукашев негизги кызматынан тышкары кошумча бир мамлекетте элчилик кызматын айкалыштырып иштешет. Мындай чечим бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Болот Отунбаев Кыргыз Республикасынын Финляндиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болду. Муну менен ал Орусиядагы иши менен айкалыштырат.
Ал эми Данияр Мукашев Женевадагы ишинен сырткары Кыргыз мамлекетинин Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи кызматын аркалайт.
Эске салсак, Болот Отунбаев 2016-жылы 9-мартта КРнын Орусиядагы элчисы болуп дайындалган. Мукашев буга чейин Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызматын аркалап келген. Кийин Женева шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу менен жаңы милдет жүктөлгөн.