Бишкектеги кафелердин биринде тургунду сабап, жеке мүлкүн тартып алган жаран кармалды

Бишкектеги кафелердин биринде тургунду сабап, жеке мүлкүн тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү кызматкерлеринин ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад облусунун 39 жаштагы тургуну Б.Н. кармалган. Ал "2016-жылы октябрь айында Бишкектеги кафелердин биринен шаар тургунун сабап, анын жеке мүлкүн тартып алган" деп шектелүүдө. Бул факты боюнча Ленин РИИБи тарабынан "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмышка шектүү Б.Н. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zafar.kgz92
2017-03-14 23:18:54
Как 90 жылы ушундай система болгон экен бул Адам 21 кылымда жашап атканын унутканго чамасы....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан