Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жарлыгына кол койду. Бул тууралуу 14-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтомго ылайык, Улуттук кеңештин курамынан Фарид Ниязов чыгарылды. Курамга президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Эльвира Сариева киргизилди. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.