6-мартта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жолдошу менен уулун жалгыз баккан Гүлсада Иманкулова тууралуу баяндаган элек. Гүлсада Иманкулованын үй-бүлөсүндө 5 адам жашайт. Бул үй-бүлөдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жаштагы Билимжан уулу Шержандан тышкары дагы 2 уулу бар. Жолдошу Билимжан Сарпашовдун да мүмкүнчүлүгү чектелген, жумушу жок. Сарпашовдордун үй-бүлөсү мектепте окуган баласына жумшалуучу төлөмдөрдөн бошотууну суранышкан.
Бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы бул үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтө албастыгын билдирди.
"Бул үй-бүлө Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Толук айылында каттоодо турушат. 2013-жылы Курулуш башкармалыгынын дачаларынан №80-тилкесин сатып алышкан. Үйү 2 бөлмөлүү.
Үй-бүлө 5 кишиден турат:
Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы 2 тепкичтүү бюджет болгондугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок", - деп билдиришти мекемеден.
Ошондой эле башкармалык Новопавловка жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнө Гүлсада Иманкулованын үй-бүлөсүнө материалдык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Сокулук РСӨБ атынан кат жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.