Сузак районунда диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сузак РИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү 47 жаштагы И.Мнын жашаган үйү текшерүүгө алынган. Анда экстремисттик жана диний багыттагы адабияттар, 1 дептер, 13 баракча, 2 китеп табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-теологиялык экспертиза дайындалды. Ал эми кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.