Бишкек шаарынын мэриясында мыйзамсыз курулуштарды жок кылуу жана алдын алуу боюнча оперативдик штабдын жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө курулуштардын мыйзамсыздыгын жаап-жашырган жооптуу кызматкерлер жумуштан алынары айтылды. Бул тууралуу 14-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда жыйында Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу аткарылган иштер жөнүндө айтып берди. Оперативдик штабдын өкүлдөрү жооптуу кызматкерлердин айынан мыйзамсыз курулуштар салынып жатканын айтышты. Ошондой эле курулуштардын ичүүчү суу жана саркынды суу чыгаруучу түтүктөргө, электр чубалгыларына туташтырылганы буга далил экени белгиленди.
"Штаб кызматтык иликтөө жүргүзүп, мыйзамсыз курулуштарды калкалоого тиешеси бар, жооптуу кызматкерлерди иштен кетирүүнү тапшырды" деп айтылат маалыматта.