Колуна таяк кармап, жалгыз жашаган эне жардамга муктаж

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жашоочусу Жаңылкан Кожоева жардамга муктаж. Ал 1-топтогу майып. Каарманыбыз менен Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясындагы Бишкек шаардык кеңешинин коомдук кабылдамасында жолуктук. Ал жерге батир алуу үчүн турган кезегин билүү максатында келген.

"Жаш кезимде турмушка чыгып, 1 жылдай жашап ажыраштым. Ал убакта 1 уулдуу болгом. Балам оорудан улам көп жашабай чарчап калды. Кийин тагдырыма жазылбаган экен, турмушка чыккан жокмун. Азыр 60 жашка толдум. Үйдө 6 бир тууганбыз. Баары өз турмушу менен алек. Алар анда-санда келип жардам берип турушат. Мен болсо көп жылдар бою батирде жашайм. 2015-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясына үй алуу үчүн кайрылып, кезекке тургам. Андан бери 2 жыл өттү, жылыш жок", - дейт Кожоева.

Жаңылкан Кожоева жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин депутаты Миргүл Расул кызына кайрылганыбызда, ал буларга токтолду.

"Турмуш шарты оор, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Кожоева буга чейин бизге кайрылган. Биз ага акчалай жардам берип келгенбиз. Бул жолу да жардам берүү боюнча райондук социалдык коргоо бөлүмүнө билдирүү беребиз. Алар мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берет деп ишенем".

Жаңылкан Кожоеванын оң буту жана сол колу иштебей калган. Ага улай 2015-жылы жол кырсыгына кабылып, колу, кабыргасы сынып бейтапканага түшкөн. Учурда Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагында батирлердин биринде жалгыз жашайт. Колуна кармаган таягына жөлөнүп, бутун сүйрөп тиричилигин кылат. Ижара акысы үчүн 2 миң сом төлөйт.

Майып эне жардамга муктаж болууда
Майып эне 1-май райондук администрацияга жардам сурап келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
meni_kut
2017-03-15 09:23:24
Кошуналар каралашпайбы?Колдуктор орустарга окшоп бири бирине мээрими жок,улууну сыйлабай тастандап айтышып турат.Кайсы элден корсон жудоо зайыпты,ошол элдин уулуна кой айыпты.Бийликтен умут этпей эле,эл жардам берсе болмок ижара акысын толошуп.
+11
Riokyrgyz
2017-03-15 13:38:14
meni_kut,колдукторго асылбай эле койсонуз болмок экен .андайлар колло эле эмес Чуй,Ош бардык жактарда эле болуп жатпайьы.
0
Seryi-Kardinal
2017-03-15 11:12:06
baldary jok bolgondon kiyin karylar uiuno barbaiby, al jakta baardyk wart bar da
+1
maks94.kb
2017-03-15 11:18:24
Ээ кудайм каарыганда жалгыздыктан сактасын
+3
Begimai85
2017-03-15 11:59:43
Колдукторго коп асылбасан кошуналары кундо бул эженин жанында боло албайт да бул эжеге дайыма жанына бир адам керек
-2
meni_kut
2017-03-15 12:47:47
Begimai85,Аксуу деген шаар эмес ижара акысы кымбат,Каракол болсо бир жон 2 мин дегидей.Абалын коруп минге берсе болмок
-2
Drongo
2017-03-15 19:38:28
meni_kut,Учурда Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагында батирлердин биринде жалгыз жашайт деп жазылып турат.Колдуктор деп,колдукторго коп асылбачы ,балакай.Ото эле жаш экенсин,кыргыздарды болуп жаргыдай.Колдукпу,Чуйлукпу же Оштукпу баарыбыз Кыргызстандык кыргызбыз.Созду абайлап жазып жур,жазат деп эле жаза бербей.
+1
barakcha
2017-03-15 13:10:36
Энеден баланы ажыратпасын...Эх,жашоо..Жалгыздык...
0
Imaw.95
2017-03-15 23:06:07
Каарылар уйуно бар деп айтуу оной.Сен озунду анын ордуна койюп кор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан