Олжобай Осмоналиев Өзгөн районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Жаңы дайындалган аким 1963-жылы 9-январда Өзгөн районунун Макаренко айылында туулган. Ал 2013-жылдан тарта мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактары жана Ош шаары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен мурунку аким Аттокур Тажибаев кызматынан бошотулду.