Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-март күнү Свердлов РИИБине 25 жаштагы М.Э. кайрылып, Чүй көчөсүндө токтоп турган Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 22 жаштагы тургуну Б.А. кармалган. Учурда топтолгон тиешелүү материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.