Бишкекте эки жаштагы баланы уурдап, ал үчүн акча талап кылган кыз 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди үстүбүздөгү жылдын 6-март күнү Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды. Ага ылайык, 1997-жылы туулган Н. кызы М. Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" жана "адам уурдоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Жазасын аялдар абагында өтөйт. Өкүмгө нааразы болгон тарап 10 күндүн ичинде апелляциялык тартипте Бишкек шаардык сотуна арызданууга же сунуш келтирүүгө укуктуу.
Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 14-сентябрь күнү "Дордой" базарында болгон. Анда Н. кызы М. жабырлануучу Н. кызы Ннын уюлдук телефонун сурап, бирөөгө чалган. Бирок ал көпкө сүйлөшүп туруп алгандыктан, жабырлануучу 2 жаштагы баласын Н. кызы Мга карап туруусун өтүнүп, памперс алганы базарга кирип кеткен. Кайра чыккан учурда баласын, телефон менен сүйлөшүп турган кызды да таппай калган. Кыздагы өзүнүн телефонуна чалган учурда "Балаңды алам десең 1000 сомго бирдик сал жана жаныңа дагы акча салып ал" деген. Ошол эле күнү "Ош базарынан" такси менен келип, баланы берип жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.