Бишкекте бүгүн, 15-мартта кургак учукту аныктоо, дарылоо жана аны алдын алуу көйгөйлөрү талкууланат. Талкуу жыл сайын белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда өлкө аймагында 1-мартта кургак учук менен күрөшүүнүн бир айлыгы жарыяланган.
Иш-чарага фтизиатрия кызматынын адистери жана алардын өлкөдө кургак учукту көзөмөлдөгөн өнөктөштөр, мамлекеттик мекемелер, социалдык кызматкерлер, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Ортосунда конструктивдүү пикир алышуу уюштурулуп жана массалык маалымат кызматкерлери катышышат.
"Кыргыз мамлекетиндеги кургак учукка каршы туруу кызматынын планында стационарларды жандандыруу жана алардын ишин оптимизациялоо, баштапкы медициналык–санитардык жардамдын деңгээлинде кургак учук кызматтарын интеграциялоону чыңдоо жана кургак учук менен ооругандарды амбулатордук дарылоону кеңейтүү, лаборатордук аныктоо кызматтарын өркүндөтүү турат", - деп айтылат маалыматта.