Брезент менен жабылган Кыргыздын оор жүк ташуучу унаалары Кытай өлкөсүнүн аймагына киргизиле баштады

Брезент менен жабылган Кыргыздын оор жүк ташуучу унаалары Кытай өлкөсүнүн аймагына киргизиле баштады. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-мартта жергиликтүү убак боюнча, саат 12:00дө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Гүлмира Абдралиева жетектеген делегация менен Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Транспорт департаментинин жана Элдик Өкмөтүнүн Тышкы байланыштар канцеляриясынын жетекчилери менен жолугушуу болгон.

"Жолугушуунун алкагында Гүлмира Абдралиева брезент менен жабылган оор жүк ташуучу унааларды Кытай тарап киргизбей жатканы - бүгүнкү күндө эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилеге терс таасир берип жатканын айткан. Жыйынтыгында Кытай тарап брезент менен жабылган унааларды Эркечтам көзөмөл пункту аркылуу Топо (Кытай), Торугарт жана Улуучат (Кытай) көзөмөл пункттарына чейин киргизүү чечимин кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар кыргыз айдоочуларынан талап кылынып жаткан оор жүк ташуучу унаалардын бүтүн металл чиркегичтери тууралуу сүйлөшүштү. Жыйынтыгында кытайлыктар стандартка жооп берген бүтүн металл чиркегичтердин техникалык талаптарын жөнөтмөй болушкан.

Эскерте кетсек, окурман 1-мартта Кытайга Кыргыз өлкөсүнөн барган айрым оор жүк ташуучу унаалар Үрүмчүгө кире албай жатышканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан