Үстүбүздөгү жылдын 12-март күнү Жалал-Абад ШИИБине 1998-жылы Ноокат районунда туулган кыз арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2016-жылдын декабрь айында өзүн Мээрим деп тааныштырган аял Ош шаарынан Жалал-Абадга саунага иштейсиң деп зордоп алып келип, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган. Кийин ал аял Алай районунун 1984-жылы туулган С.Т. аттуу тургуну экени аныкталган. Азыркы тапта жабырлануучунун арызы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алгачкы ыкчам-тергөө амалдары жүрүүдө.