Министрлик: Беш жыл аралыгында жөлөк пулдун көлөмү төрт эсеге көбөйүп, 872 сом болду

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында ай сайын берилчү жөлөк пулдун көлөмү төрт эсеге көбөйдү. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 5 жыл мурун 235 сомдон берилип келсе, азыр 872,5 сомдон жөлөк пул берилип жатат. Бул тууралуу 15-мартта социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кепилденген минималдык кирешелердин өлчөмү жыл сайын өсүп жатат. Анын негизинде үй-бүлөлөрдүн жардамга муктаждыгы аныкталат. 2011-2016-жылдары кепилденген минималдык кирешелердин өлчөмү 370 сомдон 900 сомго жогорулаган.

"Үй-бүлөлөрдүн муктаждыгын аныктоочу критерийлерди жогорулатуу менен, жөлөк пулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жаатында аракеттер көрүлүп жатат. Жер иштетүүдөгү кирешелердин нормативдери азык-түлүктүн баасына жараша кайра каралып жатат. Мал жандыктарын, транспорт каражаттарын каттоо тартиби каралууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
modern-group
2017-03-15 12:56:26
супер инфо Бабановдон кабар алып койбойсунарбы ? Текебаев камакка алынгандан бери кумга синген суудай жок болуп кеттиго?
0
Aytur
2017-03-15 14:07:17
Кимдер алат ушул жолок пулду?Чон телевизор муздаткычы болсо деле юербей коёт экенго! Кантип алса болот ушул жонундо т юерип коюнуздарчы админ?
+2
Aytur
2017-03-15 14:10:08
Ой маалымат берип коюнуздарчы? Жогоруда тамгаларым очуп кетиптир телефон кургур жакшы иштебей.
0
gulmira12345
2017-03-15 14:22:01
кнш
0
spinkub
2017-03-15 14:56:07
872 сом памперске да жетпейтго)
+1
Nurik-88
2017-03-15 16:37:32
Колому торт эсе кобойсо жолокпул берилген балдардын саны 20 эсеге азайды окмот мошенник болуп алганбы
+2
Ananasky
2017-03-15 23:28:08
Иий жалганчылар жолок пулдун ж сын беришбейт , Кр боюнча саналуу уй булолор алса кобойотда уйундо бузук холодильнигин болсо да бербейт экен холодильник балдарыбызды бага тургандай болушуп бети жок бийликтегилер мактанганынарды токтоткулачы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан