Депутат террордук деп таанылган уюмдардын тизмесин жеке менчик басылмаларга жарыялоону сунуштады

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңеште терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат. Анда КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов террордук деп таанылган уюмдардын тизмесин жеке менчик басылмаларга жарыялоону сунуштады.

"Бир гана мамлекеттик басылмаларга жарыялабай, жеке менчик массалык маалымат каражаттары менен да иш алып баруу керек. Себеби мамлекеттик ММКларды бир гана мамлекеттик ишканада иштеген кызматкерлер окуйт", - деди ал.

Мыйзам долбоордун демилгечиси "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев жеке менчик гезиттер комерциялык негизде иштей турганын айтты.

"Эгер алар акча төлөөнү сунуштабаса, сайттан алып көчүрө берүүгө эч ким тыюу салбайт", - деди Иманалиев.

Улан Примов: "Терроризмге каршы дүйнө жүзүндө күрөшүүдө. Ошондуктан жеке менчик ММКларга жарыялоо боюнча каражатты карап чыгуу керек", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан