Самирдин Жумашев Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун акими кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу 15-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Дагы бир жарлыкка ылайык, Касымбек Чодуров аталган райондун акими болуп дайындалды. Ал буга чейин Аламүдүн районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген.