Президент: Индия менен Кыргыз мамлекети саясий диалогду бекемдеди

Президент Алмазбек Атамбаев 15-мартта Индия, Ооганстан, Латвия, Эфиопия жана Кот-д'Ивуар мамлекеттеринин элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алууда бул өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын мамилесине токтолду.

"Кыргыз мамлекети Ооганстан менен достук мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар. Биз Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга багытталган дүйнөлүк коомчулуктун аракетин колдойбуз. Ал эми Индия менен кызматташуу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы артыкчылык берилген багыттардын бири. Акыркы жылдары саясий диалог бекемделип, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жанданды. Индияга болгон сапарымда жетишилген келишимдердин тезирээк ишке ашырылышы маанилүү.

Кыргыз-Латвия кызматташтыгы ишке ашырыла элек ири потенциалга ээ. Соода-экономикалык, билим берүү жана маданият тармагында алаканы жолго салууга күч жумшообуз керек", - деди президент.

Калган эки мамлекет тууралуу буларды айтты:

"Географиялык жактан алыс жайгашканына карабай, Африка континенти бизге маанилүү аймак болуп саналат. Кыргыз Республикасы Кот-д'Ивуар менен эки тараптуу негизде жана эл аралык уюмдардын алкагында активдүү кызматташууга даяр экенин билдиргим келет. Ошондой эле Кыргыз Республикасы Эфиопия менен бардык тармакта тыгыз кызматташтык түзүүгө кызыкдар. Биз өзүнүн байыркы маданиятын жана салтын сактаган Эфиопияны урматтайбыз".

Кошумчалай кетсек, Кыргыз жериндеги Индиянын элчиси - Лакшманан Сависри, Ооганстандын элчиси - Мохаммад Исса Месбах, Кот-д,Ивуардын элчиси - Бернар Тано-Бучуе, Латвиянын элчиси - Юрийс Погребнякс, Эфиопиянын элчиси - Ауалеу Гобезие Воркенех.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан