Тактала элек маалыматтарга караганда, Чүй облусунда кулап түшкөн учак Транзиттик ташуу борборуна караштуу

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасына жакын жайгашкан Чалдыбар айылынын аймагына учак кулады. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда ӨКМнын өкүлү билдирди. Анын айтымында, окуя болгон жерге куткаруучулар жөнөтүлдү. “Алдын ала маалыматтарга караганда, учак Транзиттик ташуу борборуна караштуу. Жабыркагандар тууралуу учурда маалымат түшө элек”,- деп айтты ӨКМнын өкүлү.

Ал эми Транзиттик ташуу борборунун басма сөз катчысы Акжибек Бейшебаева билдиргендей, учурда бул маалымат текшерилүүдө.

Болжол түрүндө кулап түшкөн учак - май куюучу KC-135 Stratotanker деп айтылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
teo
2013-05-03 15:43:11
адамдар олбоптурбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан