Ошто белгисиз адамдар мечиттин жанынан жергиликтүү тургундун уюлдук телефонун тартып алышты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Увам кѳчѳсүнүн тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Анын айтымында, 14-мартта саат 16:30 чамасында үйүнө жакын жерде жайгашкан мечиттин жанында белгисиз адамдар ага карата күч колдонушуп, баасы 7000 сомдук болгон Самсунг Галакси Е5 үлгүсүндѳгү телефонун тартып алышкан.
"Издөө иштеринин натыйжасында милиционерлер кылмышка шектүү катары Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 1997-жылкы тургундарын кармашты. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.