"Даңазалуу кылым" сериалында Сулейман султандын энеси Валиденин ролун аткарган түрк актрисасы Небахат Чехре 73 жашка толду. Ал 1944-жылы 15-мартта Самсун шаарында төрөлгөн. 15 жашында "Түркия периси" наамын алгандан кийин фотомоделдик кесипти аркалай баштаган. Актриса көпчүлүккө "Тыюу салынган сүйүү" сериалынан таанымал болгон. Жалпысынан Н.Чехре 30дан ашык кинодо роль жараткан. Ал эми алгачкы тартылган киносу "Боз торгой" болгон.
Жеке жашоосу
1967-жылы актриса түркиялык сценарист жана продюсер Йылмаз Гүнейге турмушка чыккан. Жолдошу Н.Чехрени кино дүйнөсүн таштап, үйдө отуруусун каалагандыктан, түгөйлөр көпкө узабай ажырашып кетишкен. 1976-жылы "Галатасарай" баскетболдук клубунун оюнчусу Явуз Демир менен үй-бүлө куруп, ал үчүн карьерасын таштаган. Бирок бул никеси 3 жылга чейин гана узаган.
15-мартка карата жылнаама.