Аламүдүн районунда жөө адамды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 13-март күнү саат 19:30 чамасында Луговой айылында болгон. Анда белгисиз айдоочу 25 жаштагы М.А. аттуу айыл тургунун сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерде жан берген. Бул факт боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 47 жаштагы Г.А. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.