Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Балдар 18 жашка толгуча төлөнүүчү жөлөк пулду, деги эле ошол сыяктуу мамлекет тарабынан берилүүчү акчаларды алуу үчүн Өкмөт мыйзам чыгарган. Анда "үй-бүлөдө бир түстүү телевизору болсо да жөлөк пул берилбесин" делген. Кыргыз эли бир телевизору жок даражада кедей болушу керекпи?
Суроо калтырган luna.kg.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекет тарабынан ай сайын берилүүчү жөлөк пул кандай учурда чектелет? Айрым учурда "мен буга чейин балдарыма жөлөк пул алып жүргөнмүн, эми эмнеге чыкпай калды?" - деген суроого ата-энелер толук жооп ала албай калышы мүмкүн. Балдарга жөлөк пул чектетүүнүн жол-жоболору тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова айтып берет.
- Лунара Улукбековна, кандай учурда балдарга жөлөк пул чектелет?
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына гана жөлөк пул чектелет. Албетте, аз камсыздуулук боюнча берилүүчү жөлөк пулдун суммасы чоң эмес, балдардын нан-чайына жөлөк болсун деген гана таризде берилчү каражат. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлгөндө 1 адамга бөлүнгөн каражат 900 сомго жетпей калган учурда гана ата-энелер балдарына жөлөк пул ала алат. Ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү акыркы беш жыл аралыгында, тактап айтканда, 2011-жылдан 2016-жылга чейин 370 сомдон 900 сомго чейин өскөн. Мунун негизинде 1 балага берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомго жетти. Мурда 705 сомдон берилчү.
- Үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси кантип эсептелинет?
- Ар бир аймакта атайын комиссия топтору бар. Алар жөлөк пул алуучу үй-бүлөнүн абалы менен таанышып чыгат. Үй-бүлөдө канча киши жумушка жарамдуу, канчасы иштейт, канча каражат табат? Мындан тышкары үй-бүлөгө тиешелүү болгон жер үлүшүнөн алынган кирешелери да ар бир аймактагы жердин түшүмдүүлүк абалына жараша белгиленген ченемдердин негизинде эске алынат. Ошентип олтуруп үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси чыгарылат да, үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлүнөт. Эгер бөлүнгөн каражат жан башына 900 сомдон ашып кетсе жөлөк пул чектелбей калат.
- Эл арасында сыналгы, муздаткыч, унаа сыяктуу мүлктөрү да эсепке алынары айтылып жүрөт...
- Ооба, үй-бүлөнүн жөлөк пулга болгон муктаждыгын аныктоодо узакка пайдаланылуучу товарлар эске алынат. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- жеңил автоунаа;
- айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
- жүк ташуучу автоунаа;
- микроавтобустар.
Эгер үй-бүлөнүн жогоруда белгиленген узакка колдонулуучу товарлардын түрлөрү болсо анда жөлөк пулга муктаждыгы жок деп эсептелинет. Анткени ага кеткен күйүүчү майды тапкан үй-бүлө балдарын камсыздоо үчүн да каражат табууга мүмкүнчүлүгү бар.
Белгилей кетчү нерсе автоунааны эске алуу анын кыймылдаткычынын көлөмүнө жана чыккан жылына жараша жүргүзүлөт (даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан кем, ошондой эле кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 2000 жана андан көп куб сантиметр (2 жана андан көп литр) болгон, даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан ашык жеңил автоунаа).
Ал эми сыналгы, муздаткычы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул чектегенге болбойт деген норма 2011-жылы эле алынып салынган. Бирок эл дагы деле бул боюнча чаташтырып жүрөт. Эгер комиссия жөлөк пулду ошондой жүйөө менен чектебей жаткан болсо, райондордо доо-арыздарды кабыл алган атайын комиссияларга кайрылышса болот.
- Айыл өкмөттөрдө жөлөк пул чектөө боюнча түзүлгөн комиссияга министрлик канчалык деңгээлде ишеним артат? Кээде өтө муктаж болбогон үй-бүлөлөр да алып жаткан учурлар айтылат.
- Ал комиссиянын курамына айылдагы аксакалдар, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү, айыл өкмөттүн орун басары жана башкалар кирет. Алар айылдагы ар бир жарандын жашоо-турмушун жакшы билет да. Туура, кээде жөлөк пул албаш керек болгон үй-бүлөлөр да алып калган учурлар бар. Ооба, мамлекет өзүнүн жарандарына кам көрөт, бирок жумушка жарамдуулар өздөрү да аракет кылышы керек. Ал эми жөлөк пул даректүү болушу керек.
Ошондой эле Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова "Социалдык келишим" пилоттук долбоору тууралуу да кошумчалай кетти.
"1995-жылы ар бир балага жөлөк пул берилчү. Кийин мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гана берилип калды. Акыркы он жылдын аралыгындагы жөлөк пул алган балдардын саны 300-350 миңдин тегерегинде болуп жатат. Жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан алып чыгуу максатында министрликте "Социалдык келишим" пилоттук долбоору ишке ашырылууда. Мында жөлөк пул алган үй-бүлөнүн абалы каралып чыгып, эгер мал багууга же дыйканчылык кылууга, чакан ишкерликти жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болсо бир жыл ичинде алган жөлөк пулдун жалпы суммасы дароо берилет. Бул каражат чакан ишкерчиликти баштоого жарайт. Акча максаттуу колдонулушу үчүн биздин министрлик тарабынан тургундар менен 2 кеңешчи иш алып барат. Учурда бул долбоор боюнча 169 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлдү. Алар күнөскана ачышкан, айрымдары мал сатып алып багууда, арасында фотосалон, тигүү цехин ачып иштеткендер бар. Бул долбоор жарандарды социалдык оор абалдан алып чыгуучу эң активдүү чара деп билем. Буюрса, ушул долбоорду мындан ары улантуу аракеттерин көрөбүз".