Казакстанда аялды барымтага алган адам атылып өлтүрүлдү

Казакстанда ооруканалардын биринин кызматкерин барымтага алган адам атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда окуя кечээ, 14-март күнү саат 19:00 чамасында Актөбө шаарындагы ооруканалардын биринде болгон. Анда 24 жаштагы жаран ооруканага жашынып алган аялын чыгарып берүү талабын коюп, бир кызматкерди барымтага алып алган. Укук коргоо органдары аны менен 5 саатка жакын сүйлөшүү жүргүзгөн, бирок көнбөгөндүктөн атып өлтүрүлгөн. Барымтага алынган аял жабыркаган эмес, азыркы тапта ага психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Айрым маалыматтар боюнча, 24 жаштагы жаран 7-март күнү аялы менен ажырашып кеткен. Ал ошол эле күнү аялын өлтүрүү үчүн ата-энесинин үйүнө барып, кайненесин бычак менен сайган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tansuluu09
2017-03-15 17:38:18
Тообо кылдым, Кудайым озун сакта. ((
Уй убулолорго тынчтык, ырыскы бер.
+2
Ronaldo.99
2017-03-15 19:24:52
Актобо криминальный жер окшойт да.Откон жылы да атышуу болдуго
+1
nur_zhoni
2017-03-15 21:42:08
7 март ажырашып 9 март жарашам деген окшойтда
+4
Gul14kA
2017-03-15 22:23:31
nur_zhoni,жарасыз го)))))))
+2
kechirmeni
2017-03-16 10:20:34
nur_zhoni,Табаа эмес тообо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан