“Панфилов районуна кулап түшкөн учак Боинг-707”. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, саат 15:45 чамасында Чорголу айылы менен Чолок-Арык айылынын ортосунда, (координаттары 420 44I 47II СШ. 730 31I 12II ВД) Америка Кошмо Штаттарынын транзиттик жүк ташуу борборунун, Боинг-707 үлгүсүндөгү май куюучу учагы кулап түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМнын Кара-Балта шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу Спринтер автоунаасында жөнөп кетишти. Мындан сырткары Панфилов жана Жайыл райондук "Тез жардам" кызматтарынан 3 даана автоунаасында медицина кызматкерлери жөнөп кетишти. Азыркы учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министри баш болгон ыкчам тобу чыгып кетти.