Кочкор районунда 2 кызын тумчуктуруп өлтүргөн аял жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт

Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Нарын облустук соту Кочкор районунда 2 кызын тумчуктуруп өлтүргөн аялдын ишин карады. Анда соттолуучуга карата Кочкор райондук сотунун өкүмүнүн жаза чектөө бөлүгү өзгөртүлүп, жазасын аялдардын катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөсү белгиленген. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.

Айта кетсек, 2016-жылдын 16-октябрь күнү саат 12:00 чамасында милицияга Кочкор районуна караштуу Чекилдек айылындагы үйлөрдүн биринен 2013-жылы туулган Эльвира жана 2014-жылы туулган Раяна аттуу кыздардын жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары кыздардын 30 жаштагы апасы кармалган. Иликтөөдө шектүү кыздарын пакет менен тумчуктуруп өлтүргөнү аныкталган.

2016-жылдын 28-декабрында Кочкор райондук соту кыздардын апасы Айнура Курманалиеваны Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле жазасын аялдардын түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленген. Бирок Нарын облустук прокуратурасы кассациялык тартипте Нарын облустук сотуна сунуш келтирген. Сунушта соттолуучу өзгөчө оор кылмыш жасагандыктан жазасын катуу тартиптеги аялдардын түзөтүү абагында өтөсү керектиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dalil
2017-03-16 11:26:52
Жырткыч жаныбар да сенден мээримдуу экен. Айтаарым ушул.
+11
ziash85
2017-03-16 11:58:46
Коркунучтуу,ишенген апасы ушундай ишке барып жатса
+2
Badu88
2017-03-16 12:32:03
Эне эмес эле ХХХ да өз балдарын олтуруп коёт Кудайдын каарына калгыр кыздарын олтуруп жатканда өзү өлүп калбаптыр жазасын колуна 10 эселеп беришсин
0
admin_portal
2017-03-16 12:37:46
Badu88, этика нормаларын сактаңыз!
-1
Parish
2017-03-16 13:31:13
Бул аял шезофренник,психикалык жактан жабыркаган болушу мумкун.
+2
surgeon777
2017-03-16 13:41:06
Parish,туура,шизофренияга кабылган адам олтурот оз балдарын,аларга ундор угула берет олтур деген.
+1
surgeon777
2017-03-16 13:42:20
псих.диспансерден текшеруудон откозушту бекен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан