Бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу-2012: 1/16 финалга чыгуу үчүн 4 мекендешибиз күрөш жүргүзүп жатат

Ушул сааттарда Ханты-Мансийскте бильярддын ыкчам пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/16 финалга жолдомолору ойнотулуп жатат. Кыргызстандык спортчулардан биринчи болуп аталган баскычка Каныбек Сагынбаев чыкты. Буга мекендешибиздин израилдик Вадим Полевойду 4:0 эсебинде утушу шарт түздү. Азырынча анын кезектеги атаандашы аныктала элек. Ошондой эле мелдеште мыкты 32 кий чеберинин катарына кирүүгө К.Есиддинов, З.Адамов, А.Мадаминов жана К.Нурумбетовдордо мүмкүнчүлүк бар. Азыр алар атаандаштары менен күч сынашып жатышат. Тилекке каршы, Улукман Карагуловдун артынан Сабыр Азат да украиналык Евгений Таловго жеңилип, чемпиондук үчүн күрөштү токтотту. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан