Бишкекте бүгүн, 16-мартта журналисттердин көз карандысыз бирикмеси жыйын өткөрүүдө. Анда медиа айдыңындагы кырдаал талкууланууда. Ага Журналисттердин көз карандысыз бирикмесинин төрайымы Тамара Валиева, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, юристтер, укук коргоочулар, өкмөт өкүлдөрү, ИИМдин басма сөз кызматынан Бакыт Сейитов катышып жатат. Күн тартибинде журналисттердин резолюциясын кабыл алуу да бар.
"Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Азамат Тынаев:"ММКлардын алдында турган коркунучтарды түшүнүп турабыз", - деп билдирди.
Медиаэксперт Кубан Абдымен: "Бизде балансты сактабаган ММКлар бар. Албетте, ар бир жаран патриот болушу керек. ММКлар объективдүү болушу үчүн нейтралдуулукту сакташы керек. Окурмандардын ишенбестик көрсөткөнү бар. Учурда интернеттеги социалдык тармактардан маалыматтарды алып, ишенимдүү маалымат булагы катары шилтеме берип жарыялабоого чакырам", - деди.
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева учурдагы медиа айдыңындагы абал кооптуу болуп турганын белгилеп өттү. Аны менен бирге интернеттеги социалдык тармактардын жетекчилерине кайрылып, адамдын беделине шек келтирген уят сөздөрдү автоматтык түрдө сайтка чыгарбай турган функция киргизүүнү сунуштады.
Заноза.кг сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нарын Айып нейтралдуу маалымат таратууда бийлик көп учурда комментарий бербей тургандыгын айтты. "ММКлар маалыматты эки тараптуу бериши керек дегенибиз бийлик үчүн ыңгайлуу болуп жатат. Анткени бийлик маалымат бербейт. Кандайдыр бир окуядан улам маалымат алуу үчүн бир айга чейин күтүш керек болот. Антип жүрө берсе журналисттер эки жактын маалыматын жеткирген роботторго айланып калышы мүмкүн. Роботтон сырткары алар жаран, чындык үчүн күрөшүү дагы керек да. Биринчи булак жалган маалымат берсе, экинчи тарапты кайдан алабыз?" - деди Нарын Айып.
Талкуунун жүрүшүндө укук коргоочу Калича Умуралиева жарандардын беделине шек келтирген доо арыздардын баасы 5 миң сомдон ашпайт деп билдирди. Ал сотко ооруганы тууралуу маалымдама, чектерди алып барбаса арыз каралбай турганын кошумчалады. "Эмне үчүн карапайым жарандардын арызы 5 миң сом, ал эми президенттин арызы миллион менен бааланышы керек? Жогорку Сотко кайрылалы, эмне себептен ушундай чечим чыгарын бизге окшош сабатсыздарга түшүндүрүп берсин", - деди.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова: "Буга чейин көп жолу бийлик тарабынан ММКларды соттоо, көзөмөлдөө аракеттери болуп келген. Мурунку режимдерде деле болуп келди. Бирок азыркы абал мамлекеттик эмес ММКларга чынында кооптуу. Анткени бийлик сот аркылуу жөн гана силерди банкрот кылып салууга, эртең иштөөгө каражаты жок калтырууга аракет кылып жатат. Андыктан азыр бөлүнбөй, бардык ММКлар, укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдар менен биргеликте абалга туура баа берип, сөз эркиндигин коргообуз керек. Азыр кабыл алына турган резолюция аркылуубу, билбейм парламентке чейин барып жыйын өтүп ага башкы прокуратуранын башчысы жана башка тийиштүү органдар менен, журналисттер, ачык сүйлөшүү жүргүзгүлө. Ошол жерден этика, жоопкерчилик жөнүндө алар айтышсын, сөз эркиндиги жана укуктар боюнча силер айткыла. Түз сүйлөшүүлөр жүрүшү керек", - деди.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу: "Бүгүн биз өлкөбүздө сөз эркиндигине кысым көрсөтпөстөн туруп, ошол эле учурда кантип медиа айдыңды жалган жалаа, ушак, текшерилбеген маалыматтардан оолак кармасак болот деген теманы талкуулап жатабыз. Кыргыз Республикасында оюн эркин айткан журналистиканын түрү 1990-жылдардан бери бар. Айрым учурда ээн ооздукка алып барганыбыз соттук иштерге жеткирип жатат. Ички редакциялык саясаты, этика нормалары болушу керек, юристтердин элегинен өтүшү керек. Журналисттер, саясий күчтөрдүн куралына айлануудан сак бололу. Оппозициячыл, бийликчил дегенден арылышыбыз керек", - деди.
Саясатчы Равшан Жээнбеков: "Эгерде жакшы, келечектүү, комфорттуу мамлекет курабыз десек, анда биз мамлекеттеги күчтүү, адилеттүү институттарды, фундаменталдуу принциптерди колдошубуз керек. Ошолордун бири сөз эркиндиги жана ММКлардын эгемендүүлүгү болуп эсептелет. Мамлекетте ММКлардын эгемендигин, сөз эркиндигин сактабасак мамлекетти фиктивдүү башкарууну, коррупция менен күрөшүүнү, жакырчылык менен күрөшүүнү жолго коё албайбыз. Ошондуктан биз сөз эркиндигин коргогонго, колдогонго үйрөнүшүбүз керек. Саясатчыларга келгенде, журналисттер, карап тургансыңар, оппозицияны тебелеп жатат деп. Кезек анча-мынча эгемендүү, көз каранды эмес ММКга келди. Карап отура берсеңер, бардыгыңарга кезек жетет. Анткени бийликтин бүгүнкү системи эркин, эгемендүү ММКларды жок кылуу болуп саналат. Жөнөкөй журналисттерге кезек келе жатат. Мындай учурда бардык журналисттер чогуу иштегенге аракет кылышы керек. Урматтуу президентти колдоп сүйлөп жаткандар, ошол журналисттик этиканы же президенттик этиканы, жалган маалымат таратпаш керек экендигин, дөөдүрөп сүйлөбөш керектигин Атамбаевге дагы айтып койгула. Ал аябагандай принципиалдуу маселе", - деди.
Юрист Клара Сооронкулова: "Мен бул форумга угайын деп келген негизги ойду укпай жатам. Баарыңар эле кодекс, сөз эркиндиги, резолюция жөнүндө айтып жатасыңар. Эмне үчүн бирөө дагы "мен коркуп жатам, мен да ушундай окуяга туш боломбу" деген пикирди эч бир журналисттен уккан жокмун. Айтып коёюн, бөркүңөрдөй көргүлө. "Азаттык" менен "Заноза" соттон утулат. Бул 100 пайыз. Кечээ президенттин сүйлөгөнүн уктуңар да. Ал айтып жатат "төлөп берсин, төлөп беришет да чет өлкөдөгү демөөрчүлөрү" деп. Бул өзүнө болгон ишеним жана чечилген да, кандай жол менен болсо да соттон утуп чыгары. Урматтуу журналисттер, бириккиле! Бекем тургула! Баарыңар биримдикте болуп "жок" деп каршы тургула!" - деди.
Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, юристтер, укук коргоочулардын катышуусундагы жыйын бүттү. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.