Депутаттар учак кырсыгы боюнча чогулган акчаны туура бөлүштүрүү зарылдыгын айтышты

"Учак кырсыгынан жабыркагандар үчүн чогулган акчаны комиссия акыйкат бөлүштүрүшү керек", - деди 16-мартта парламентте "Өнүгүү-Прогесс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов.

"96 миллион 532 миң сом чогулуптур. Андан тышкары Түркия авиакомпаниясынан бериле турган компенсация бар. Бирок бүгүнкү күнгө чейин канча суммада экени айтылбай жатат. Эми комиссия бөлүштүрүп баштайт. Адилеттүүлүк менен бөлүштүрсө жакшы болмок. Кээде акча бөлүштүргөндө чыр чыгат. Жапа чеккен адамдарга замандын талабына ылайык жакшы үйлөрдү сатып берсин. Себеби алар жакындарын жоготушту", - деди депутат.

13-мартта "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Таабылды Тиллаев авиакырсыктан жабыркагандар үчүн чогулган акчаны тез арада бөлүштүрүп берүүнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан