Алай районунда карышкыр жергиликтүү тургунга кол салды

Алай районунун Терек айылынын жашоочусуна карышкыр кол салды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 15-март күнү эртең менен болгон. Анда жергиликтүү тургун ити улуганынан сыртка чыгып, короо жакты көздөй басканда ага карышкыр кол салган. Денесинен бир канча жаракат алып, карышкырдан эптеп бошонгон жаран дароо чек арачыларга кайрылган. Фельдшер жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Нура айылындагы ооруканага жеткирген.

Ошол эле күнү тургунга кол салган карышкыр чек арачылар тарабынан жок кылынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2017-03-16 10:55:36
чек ара- чыларга дегени да
-6
Riokyrgyz
2017-03-16 12:47:54
kechirmeni,Кыргыз тилинин орфографиясында чек-ара эмес чек ара деп жазылат,дефис коюлбайт.Бироонун абийирин ачам деп озундун билимсиздигин билдирип алдын.
+4
alikjan88
2017-03-16 11:07:22
Профессор боло бербегиле,
0
кыргыз Алик
2017-03-16 11:48:41
Баракелде чек арачылар! изин суутпай кылмышкерди кармагандай карышкырдан оч алышыптыр.
+7
Alibay
2017-03-16 16:25:14
Акыркы убакта карышкыр ото актуалдуу болду го.короого келип ,даже уйго чейин келип кол салып.Тырмагы,тиши ,териси,тумар кылынат деп,айылда кадимкидей сатылат экен.Алары мындай кой ,бир жери да сатылат деп угуп ,эсим ооду)))
+1
KANAT85
2017-03-16 17:40:07
Alibay,))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан