Бүгүн 16-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Бишкекте саясатчылардын, юристтердин, журналисттердин, коомдук ишмерлердин катышуусунда өлкөдөгү сөз эркиндигине арналган форум өттү. Журналисттердин көз карандысыз биримдиги уюштурган бул тегерек столдо медиа айдыңындагы кырдаал талкууланып, ар түрдүү пикирлер айтылып, жыйынтыгында сунуштарды эске алуу менен резолюция кабыл алынды. Бул документтин толук тексти иштелип чыккан соң ал жалпыга жарыяланмакчы. Бул форумду уюштурууга эмне негизги себеп болгону белгилүү: сотко айрым массалык маалымат каражаттарына каршы берилген доо арыздар. Эскерте кетсек, Башкы прокуратура жана КСДП тарабынан “Азаттыктан” 20 миллион сом, “Занозадан” 12 миллион сом, 24.kg'ден 1 миллион сомдук компенсация өндүрүп берүү боюнча сотко арыз тапшырылган. Бүгүнкү форумда ушул маселенин тегерегинде курч сөздөр айтылды. Конституциялык палатанын мурунку судьясы, оппозицияга кошулган Клара Сооронкулова аталган ММКлар сотто утуларына “100 пайыз” ишенерин айтты. “Кечээ президенттин сүйлөгөнүн уктуңар да. Ал "төлөп берсин, чет өлкөдөгү демөөрчүлөрү төлөп беришет да" деп айтып жатат. Бул өзүнө болгон ишеним, анткени ал кандай жол менен болсо да соттон утуп чыгары чечилген да”, - деп пикирин түшүндүрдү юрист. Мындан улам ал журналисттерди биригүүгө жана бекем турууга чакырды. Укук коргоочу Динара Ошурахунова да ММКлардын биргеликте сөз эркиндигин коргоосу зарыл экенин айтты. “Азыркы абал мамлекеттик эмес ММКларга чынында кооптуу. Анткени бийлик сот аркылуу жөн гана силерди банкрот кылып салууга, эртең иштөөгө каражаты жок калтырууга аракет кылып жатат. Андыктан азыр бөлүнбөй, бардык ММКлар, укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдар менен биргеликте абалга туура баа берип, сөз эркиндигин коргообуз керек”, - деди Ошурахунова.
Коомубузда болуп жаткан окуяларга, иштерге, чечимдерге карата көз карашын ачык айтууга, аларды парламентте, ММКларда, жыйындарда же социалдык тармактарда талкууга алып чыгууга, эркин ойлонууга ар бир адамдын укугу бар. Мындай укукту чектөө менен биз өнүкпөйбүз, тескерисинче, коомдун өнүгүшүн артка тартабыз. Көпчүлүктүкүнөн же бийликтикинен айырмаланган пикирин айткандарды куугунтуктоо Кыргыз өлкөсүндө эки ирет бийликтин революция аркылуу кулашына алып келди. Революциялар жөн эле болуп калган жок. Андан канчалаган адамдар жабыр тартышты. Бейкүнөө адамдар каза тапты. Муну унутпашыбыз керек. Сын болмоюн өнүгүү болбойт. Демократиялык коомдо сынга, эркин ойлонуп, эркин пикир билдирүүгө орун болуш керек...
15-марттан 16-мартка караган түнү Бишкек милициясы компьютердик клубдардан жана кафелерден жашы жете элек өспүрүмдөрдү издеди. Бул ишин коомчулукка көрсөтүш үчүн рейдге журналисттерди алдына ала чакырды. Бул иш-чаранын максаты - өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана алардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу. Түнкү рейддин жыйынтыгында жалпысынан 11 жаш өспүрүм кармалды. Алардын 8ин ата-энеси түн ичинде чыгарып кетишсе, 3өөсү ата-энеси алып кеткиче таң атканга чейин милиция бөлүмүндө кармалып турду. Белгилей кетсек, 2015-жылы Жогорку Кеңеш “Балдардын ден соолугуна, алардын дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык, түнкү саат 22:00дөн таңкы 06:00гө чейин балдардын стадиондордо, сейил бактарда, скверлерде, жалпы колдонуудагы транспорт каражаттарында, оюн-зоок борборлорунда, түнкү клубдарда, мончолордо, интернет-кафелерде, интернет-клубдарда жалгыз жүрүүсүнө тыюу салынат. Эгер түнкүсүн өспүрүм аталган жайларда жалгыз жүргөн болсо, ата-энеси административдик жазага тартылмакчы. Бул мыйзамдын кабыл алынышынан бери 2 жылга жакын убакыт өттү. Бул убакыттын ичинде милиция журналисттердин катышуусунда мезгил-мезгили менен рейддерди уюштуруп, кармалган өспүрүмдөрдү ата-энелерине тапшырып турду. Бирок акыркы түнкү рейд көрсөткөндөй, аталган мыйзам максатына толук жете элек, өспүрүмдөр үйдө эмес, дагы деле эс алуучу жайларда түн өткөрүп жүрүшөт. Өспүрүм курак адамдын психикалык өнүгүшүндөгү, анын инсандык калыптанышындагы маанилүү мезгил. Ушул куракта баланын ар нерсеге кызыгуусу, аң-сезими өсөт. Өлкөдө жаңы муундун өкүлдөрү алтынга тете убактыларын акыл-эсти, билимди өстүрүүгө жумшаса жакшы болмок...