Нарын облусунун Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, катуу шамал болуп, бурганактаган кардын жаашынан улам Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Учурда Торугарт-Көк-Кыя жолдоруна кар күрткүсү түшүп, Ак-Сай өрөөнүнө баруучу жол жабылып калган.
"Учурда жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө. Бирок аймакта катуу шамал кайрадан жолго кар күрткүсүн алып келүүдө. Учурда жүк ташуучу унаалар тоют жүктөп, жолдон өтө албай турушат", - деп билдирди басма сөз кызматы.